Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Салянованын сотунда судьяга ишеним көрсөтпөө өтүнүчү келтирилди


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук сотунда ушу тапта Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага байланыштуу иш каралууда.

Отурумдун башында депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч келтирди. Буга судья Касымбековдун чечимдерди чукул кабыл алып, калыстык сакталбай турганын негиз кылып көрсөттү. Салянова өзү да бул жаатта пикир билдирип, судья жети томдук иш менен бир саатта таанышып чыкканы күмөн жаратарын белгиледи. Мамлекеттик айыптоо жогорудагы өтүнүчтү кабыл алууну четке кагууну суранды. Азыр сот кеңешүүгө кирип кетти.

Жараяндын жүрүшү "Азаттык" радиосунун Фейсбуктагы Kyrgyz Azattyk Unalgysy барагында түз алып көрсөтүлүүдө.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. Ага карата “өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат” баш коргоо чарасы кабыл алынган. Салянова өзүнө тагылган айыпты негизсиз каралоо жана саясий куугунтук деп атап келет.

Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын "Юстиция министрлиги Ленин районунун аймагында жайгашкан" деген өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган. 9-июнда адвокаттын келбей калганына байланыштуу сот бүгүнкүгө жылган.

XS
SM
MD
LG