Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:00

Түркмөнстанда акыркы айлардагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү өлкө аймагында террордук чабуулдар болушу мүмкүн деген маалыматтарга байланыштуу экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн күч түзүмдөрүнөн билдиришкен.

Кабарларга ылайык, Ашхабадга ыктымал чабуулдар тууралуу маалыматтарды майдын ортосунда Түркия өкмөтү жөнөткөн.

«Болжол менен 10 күн мурда Түркия Түркмөнстанга «Ислам мамлекетинин» төрт жоочусун өткөрүп берген. Андан бир канча күн өткөндөн кийин түркмөн бийлигине өлкө аймагында террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскерткен», - деп билдирет булак.

Түркмөн атайын кызматтары кырдаалды өтө олуттуу деп баалап, тиешелүү коопсуздук чараларын көрүшкөн.

Учурда жаштарга, өзгөчө Жакынкы Чыгыш аймактарына барууну пландап жүргөндөргө карата көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган. Майдын аягынан тарта Стамбулга жана Дубайга барчу адамдарды өлкөдөн чыгарбай жатышканы маалымдалган. Эл чогулган жерлерде да көзөмөл күчөтүлгөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG