Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Башкы прокуратура шайлоодо мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөйт


Быйылкы жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоодо мыйзамдын сакталышын Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шайлоого катыша турган бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк болот. БШК бардык эрежелердин сакталышына кепилдик берет.

БШК жогорку деңгээлде шайлоо өткөрүүгө бардык камылга бар экенин ишенич менен айта алат деген Шайлдабекова таза шайлоо өткөрүү үчүн талапкерлерди чыныгы атаандаштыктын негизинде ат салышууга чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-июнда быйылкы президенттик шайлоонун календардык планын бекиткен. Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрга чейин жарыяланышы керек.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт өнөктүгүн чагылдырууда кызмат көрсөтүү боюнча тизмени 1-августка чейин БШКга бериши зарыл.

Жогорку Кеңештин президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоору кечээ күчүнө кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG