Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын соту 19-июнда уланмай болду. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда ушундай чечим кабыл алынды.
Жараяндын башында депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч келтирди. Буга судья Касымбековдун чечимдерди чукул кабыл алып, калыстык сакталбай жатканын негиз кылып көрсөттү. Салянова өзү да бул жаатта пикир билдирип, судья жети томдук иш менен бир саатта таанышып чыкканы күмөн жаратарын белгиледи. Мамлекеттик айыптоо жогорудагы өтүнүчтү кабыл алууну четке кагууну суранды. Сот айыпталуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.
Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. Ага карата “өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат” баш коргоо чарасы кабыл алынган. Салянова өзүнө тагылган айыпты негизсиз каралоо жана саясий куугунтук деп атап келет.
Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын "Юстиция министрлиги Ленин районунун аймагында жайгашкан" деген өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган. 9-июнда адвокаттын келбей калганына байланыштуу сот бүгүнкүгө жылган.