Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Үч чек арачы мыйзамсыз миграцияга байланыштуу соттолду


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Бишкек шаардык соту Кылмыш жана жаза кодексинин 204-1 (мыйзамсыз миграция уюштуруу), 304 (кызмат абалынан аша чабуу) беренелери менен айыпталган Мамлекеттик чек ара кызматынын үч кызматкерин күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, сот өкүмүнө ылайык, чек арачылар үч жылга эркинен ажыратылды, жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөшөт.

Ушул жылдын 30-апрелинде Аскер прокуратурасы аларга "мыйзамсыз миграция уюштурган" деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Тергөөдө 2016-жылы бул чек арачылар өзбекстандык жаранды жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүп, ал Стамбулга учуп кеткени аныкталган. Түркиянын укук коргоо органдары аны кармап, кайра артка жиберген. Кыргызстанга келгенде да өзбек жаранын айыпталган чек арачылар текшербей тоскоолдуксуз өткөрүп жибергени айтылат Башкы көзөмөл органынын маалыматында. (NT)

XS
SM
MD
LG