Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча сот 21-июнга жылды. Буга айыпталуучулардын жактоочусу отурумга келбей калганы себеп болду.
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айыпталып жаткан адамдарга өкүм чыгары кабарланган эле.
2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон. Элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон.
Теракт боюнча алгач алты киши шектелген. Кийинчерээк үчөөнүн иши далил жетишпегенине байланыштуу кыскарып, үч адамга айып тагылган. Алар терактты уюштурууга каржылык көмөк көрсөттү деп күнөөлөнүүдө. Ушул убакытка чейин отурумдарга 23 күбө чакырылган.