Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

ММК: ИМ экстремисттик уюмунун лидери өлгөн болушу мүмкүн


Абу Бакр ал-Багдадинин сүрөтү. Чеченстан, 8-январь, 2017-жыл
Anti-terrorist demonstration in Grozny, Chechnya, January 8, 2017
Абу Бакр ал-Багдадинин сүрөтү. Чеченстан, 8-январь, 2017-жыл Anti-terrorist demonstration in Grozny, Chechnya, January 8, 2017

Орусиянын Коргоо министрлиги "Ислам мамлекети" радикал уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдади орусиялык авиациянын бомбалоосу учурунда набыт кеткен болушу ыктымал деп билдирди.

Орусиянын маалымат агенттиктери коргоо мекемесине шилтеме жасап кабарлашкандай, Багдади 28-майда Сириянын Ракка шаарына сокку урулганда өлгөн деген маалымат бир нече булактан текшерилүүдө. Чабуулда 330 киши, анын ичинде экстремисттердин жогорку жетекчилери окко учкан.

“Ислам мамлекети" террордук тобунун таянычына айланган Ракканы кайтаруу операциясы АКШ колдогон сириялык күчтөр тарабынан жүргүзүлүп жатат. Жоочулар Сириянын ири бөлүгүн жана Ирактын түндүк аймактарын 2014-жылы басып алган.

XS
SM
MD
LG