Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Президент УКМК кызматкерлерин сыйлады 


Бишкек. 16-июнь, 2017-жыл.
Бишкек. 16-июнь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кызматтык милдетин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткарганы, ыкчам-кызмат ишинде жакшы жыйынтыктарга жетишкени, улут коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы үчүн УКМК кызматкерлерине Ардак грамота тапшырып, кол саат менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы атайын кызматкерлерге Кыргызстандын элинин атынан ыраазычылык айтты. Офицерлердин күч-аракети менен УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи. Мамлекет мекен сакчылыгында тургандарга камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишкенин кошумчалады.

Президенттик аппарат атайын кызматтын канча өкүлүнө сыйлык жана Ардак грамота берилгенин тактаган жок.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо милдети жүктөлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG