Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Европол: Террорчулукка шектелип кармалгандардын саны өстү


Европада исламчыл террорчулукка шектелип кармалгандардын саны үчүнчү жыл катары менен өсүүдө. Бул тууралуу Европа полициясы - Европолдун жылдык отчетунда айтылат. Былтыр террорчулукка шектелип 718 киши кармалса, мурдагы жылы 687, 2014-жылы 395 киши кармалган. Ошол эле маалда "жихадчылардын" кол салуулары азайды. 2015-жылы 17 факт катталса, өткөн жылы 13 болгон.

Докладда белгиленгендей, теракттарды даярдап, ишке ашырууга тартылган аялдар көбөйүүдө.

Улутчул радикал оңчул топтордун, ашынган солчул уюмдардын кол салуулары да өстү, - деп маалымдайт Европол. Бардыгы болуп былтыр Евробиримдиктин сегиз өлкөсүндө ишке ашырылган жана ишке ашпай калган 142 террордук чабуул катталган.

Шаркеттин коопсуздук боюнча комиссары Жулиан Кинг "бул сандар чалгын тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү керектигин билдирет" деди.

XS
SM
MD
LG