Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бишкек-Алматы жолундагы кырсыктан эки адам күйүп кетти 


Бишкек-Алматы жолундагы кырсык. 16-июнь, 2017-жыл.
Бишкек-Алматы жолундагы кырсык. 16-июнь, 2017-жыл.

Кырсык 16-июнь таңга жуук болгонун казакстандык булактар жазып чыгышты.

Казакстандын Алматы облустук ички иштер департаменти да кырсыктан эки адам күйүп кеткенин ырастады. Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Алматы трассасынын 118-чакырымында болгон. Бишкектен Казакстанды көздөй кетип бараткан Mitsubishi Galant автоунаасы каршылаш тилкеге чыгып, «КамАЗ» үлгүсүндөгү машинеге урунган.

Окуяга күбө болгондор жардам берүүгө жетишкен эмес, эки автоунаа тең күйүп кеткен. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган жок. Жеңил машинедеги эки киши тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Алардын сөөгү таанылбай жатканы кабарланды. Полиция кылмыш ишин козгоп, экспертиза жүрүп жатканы белгилүү болду. Каза тапкандардын кайсы өлкөнүн жарандары экени азырынча белгисиз. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатат.

XS
SM
MD
LG