Президент Алмазбек Атамбаев 19-24-июнда Орусияда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашканы турат:
- Көптөгөн даярдыктар көрүлдү. Сапардын алкагында Алмазбек Атамбаевдин Орусия президенти Владимир Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген.
Маалыматка караганда, Атамбаев Орусиядагы сапары маалында орус илимий өкүлдөрү жана ал жактагы кыргызстандыктар менен да кезигет. Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына барат, 20-июнда Кремлдин чоң залында Кыргызстандын таланттарынын концертин көрөт. Сапар жүрүшүндө миграция, саламаттык сактоо, каржы жана статистика тармагында бир катар документтерге кол коюлат. Кабыл алына турган документтердин арасында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы бар.
Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 20-мартта 25 жыл толду. Орус президенти Владимир Путин 14-апрелде Бишкекте өткөн ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышкан. (NT)