Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Лондондогу өрттө каза тапкандардын саны 30га жетти


Лондондогу көп кабаттуу үйдө болгон өрттөн каза тапкандардын саны 30 кишиге жетти. Ооруканаларда дагы 24 киши кала берүүдө. Мындай маалыматты британ полициясы таратты.

Жергиликтүү бийлик өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн дешет. Жума күнү маалымат каражаттары 65 киши дайынсыз болуп жатканын кабарлашкан. Күйүп кеткен 24 кабат имаратты тазалоо иши уланууда, бирок куткаруучулар аман калгандарды табуу ыктымалдуулугу дээрлик жок дешет. Гренфел мунарасы шаршемби күнү өрттөнө баштаган. Анын себеби азыркыга чейин аныктала элек.

XS
SM
MD
LG