Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Украинада экс-депутаттын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Украин бийликтери орусиялык мурдагы депутат Денис Вороненковдун киши колдуу болушуна байланыштуу бир нече шектүү адам кармалганын билдиришти.

16-июндагы билдирүүдө Улуттук полиция “тергөө амалдарын” Павлодар шаарында жүргүзгөнү айтылат. Полиция канча киши кармалганын жана алардын аты-жөнүн атаган жок. Мамлекеттик Думанын мурдагы мүчөсү Вороненков Украинага качып, президент Владимир Путинди сындап келген. Аны 23-мартта Киевде атып өлтүрүшкөн.

Полиция шектүү киллер - Паршов аттуу 28 жаштагы украин жараны Орусиянын жашыруун агенти болчу деп билдирген.

Ал Вороненковдун жансакчысы аткан октон жарадар болуп, ооруканада каза тапкан. Украин президенти Петро Порошенко экс-депутаттын өлтүрүлүшүн “Орусиянын мамлекеттик террорчулугу” деп атаган.

XS
SM
MD
LG