Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Трамптын байлыгы 1,4 млрд долларга бааланууда


Трамптын Ак үйдүн жанында, өткөн жылы октябрда ачылган мейманканасы.
Трамптын Ак үйдүн жанында, өткөн жылы октябрда ачылган мейманканасы.

Бул маалымат АКШ президенти Дональд Трамптын этика маселелери боюнча мамлекеттик башкармалыкка берилген отчетунда айтылган.
Президент Трампка негизги кирешени кыймылсыз мүлктөргө салынган инвестициялары, курорттору жана ага таандык соода үлгүсү алып келет.

Флоридадагы белгилүү "Мар-э-Ларго" курортунун кирешеси акыркы он беш айда 37 млн долларга чыккан. Бир жыл мурда курорттун кирешеси бул сумманын жарымына туура келчү. Ал эми Ак үйдүн жанына курулган жаңы мейманкана өткөн жылы октябрда ачылгандан берки убакта 15 млн доллардан арбын киреше алып келген. Ошол эле убакта президент Трамптын компаниялары 300 млн доллардан ашуун карыз, булар кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн алынган насыялар.

Трамптын бардык бизнес-активдерди анын уулдары башкарган фонддордо. Президент аларды сатуудан баш тартуусу көптөгөн саясатчылардын сынына кабылган. Өткөн жумада Конгресстин 200гө чамалуу мүчөсү жана эки штаттын прокурорлору сотко кайрылып, президентке таандык компанияларга төлөм төлөө Баш мыйзамдагы коррупцияга каршы жоболорго туура келбесин айтышкан.

XS
SM
MD
LG