Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Президент Атамбаев саламаттыкты сактоо министрин кабыл алды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 17-июнда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушуу жүрүшүндө министр медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыздоо, мамлекеттик, жеке өнөктөштүк долбоорлор алкагында диализдик кызматтын жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Талантбек Батыралиев өлкөдө жаңы курулуп жаткан медициналык мекемелер, ооруканаларды оңдоп-түзөө жана жаңылоо боюнча алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Мамлекет башчы Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоонун зарылдыгын белгилеп, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын өркүндөтүү боюнча министрге бир катар тапшырмаларды берди.
Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG