Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү


Маркум Шерзат Алимбеков
Маркум Шерзат Алимбеков

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери жана Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын үстүнөн өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштер тергелип бүтүп, сотко өттү.

Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирет. Эки милиционердин үстүнөн КЖКнин 304-305, аймактык бөлүмдүн башчысынын үстүнөн 305-беренелери менен УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштер тергелип, аларга айыбы угузулуп сотко жөнөтүлдү. Учурда бул иш Сузак райондук сотунун кароосунда жатат.

2016-жылдын октябрь айында Сузак районунун Сымкат айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков уурулукка байланыштуу милицияга сурак берип чыккан соң, бир жумадан кийин үйүндө асынып алган. Маркумдун туугандары милиция өспүрүмдү уурулукка айыптап, ата-энесин катыштырбай суракка алды деп билдирген. Маркум окуучу каза болор алдында атасына кат жазып, анда уруулук кылбаганын жана Орусияда иштеп жүргөн апасын сагынганын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG