Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Кыргыз спортчулары Азия чемпиондугунун коло медалын тагынышты (видео)


Назира Марсбек кызы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда. 17-июнь, 2017-жыл.
Назира Марсбек кызы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда. 17-июнь, 2017-жыл.

Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбандар Анарбек Сыдыкбеков ( 50 кг.) жана Назира Марсбек кызы (55 кг.) коло байгенин ээси болушту.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 17-июнда үчүнчү мелдеш күнүндө эркектер жана кыздар арасында эркин күрөш боюнча алты салмакта таймаштар өткөрүлдү. Кыргызстандан төрт балбан килемге чыкты.
50 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Анарбек Сыдыкбеков алгачкы беттешинде ирандык Али Ебрахим Фатехини жеңип (9:9), бирок жарым финалда Дархан Калкеновго утулуп калды (10:0). 3-орун үчүн Кытай Тайбэйинин өкүлү Чин Хсианг Ло менен таймашып 10:0 эсебинде утуп коло медал тагынды.

50 кг. 3-орун үчүн беттеш. Анарбек Сыдыекбеков (Кыргызстан) - Чин Хсианг Ло (Кытай Тайбэйи) 10:0.

55 килограммга чейинки салмактагы кыздар арасында күрөшкөн Назира Марсбек кызы жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

Алгач индиялык Реена Реенаны 7:2 эсебинде утту. Чейрек финалда казакстандык Жыпар Толеубекованы 14:4 эсебинде жеңди. Тилекке каршы жарым финалда жапониялык Томоха Учижого 8:2 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн монголиялык Халиунаа Байараа менен таймашып 7:2 эсебинде утуп алды.

55 кг. 3-орун үчүн беттеш. Наизра Марсбек кызы (Кыргызстан) - Халиунаа Байараа (Монголия) 7:2.

Ал эми Эмил Ашыралиев (120 кг.) жана Айсалкын Кожомкул кызы (48 кг.) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты.

Спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 18-июнга чейин уланат.

Ушуну менен бул мелдеште Кыргызстандын эсебине сегиз медал чогулду. Буга чейин болгон эки мелдеш күнүндө Кыргызстандын балбандары алты медал (эки алтын, эки күмүш, эки коло) алышкан. Азия чемпиону наамын грек-рим күрөшчү Акжол Махмудов (74 кг.) жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (67 кг.) алды. (ECh).

XS
SM
MD
LG