Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Тажикстанда кылмышкерлер тобу соттолду


Court of Bobojon Ghafurov district
Court of Bobojon Ghafurov district

Бобожонгафуров районунда талоончу топтун мүчөлөрү ар кыл мөөнөткө түрмөгө кесилди. Беш кишиден турган топ чак түштө беткап кийип алып, жергиликтүү тургундарды карактап, май куюучу станцияларга кол салып келген.

Райондук сот айыпталуучуларды 12 жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратты.

Өкүм күчүнө кире электе соттолуучулар арызданууга укуктуу. Соттолуучу Фазлиддин Жумаевдин жактоочусу сөзсүз жогорку инстанцияга кайрыларын, себеби сот анын оңолушуна мүмкүнчүлүк бербегенин айтты. Ошол эле маалда адвокат талоончу топ өтө оор кылмыштарды жасаганын моюнга алды.

Маалыматтарга караганда, кылмышкерлер 20 жаштан 26 жашка чейинки жигиттер. Алардын экөө буга чейин уурулук үчүн соттолуп, мунапыс менен эркиндикке чыккан. Талоончу топтун мүчөлөрү эч жерде иштешкен эмес.

XS
SM
MD
LG