Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Ташкенттеги медициналык колледж жабылат


Ташкенттеги Боровский атындагы колледж

Ташкенттеги медициналык колледждин мугалимдери шашылыш жыйынга чакырылып, аларга окуу жай жабылып калышы мүмкүндүгү кабарланды. Колледждеги текшерүүлөр 18 жаштагы студент Жасур Ибрагимовдун өлүмүнөн кийин башталган. Андагы студенттер башка окуу жайларга бөлүштүрүлө тургандыгы кабарланууда.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жакында болгон жыйындардын биринде президент Мирзиёев аталган окуу жайды жабууну тапшырган.

Ташкенттеги П.Ф. Боровский атындагы медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимовду курдаштары ушул жылдын 3-майында сабашкан.

Окуядан кийин ага беш жолу операция жасалган. Жасур 1-июнда ооруканада каза болгон.

Ташкент шаардык ИИБси студенттин өлүмүнө күнөөлүү адамдарды табууга убада берип, тергөө иштерин баштаган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча бул иш боюнча бир нече киши кармалды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG