Жаңы конуштарда бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы, суу, жылуулук, коомдук транспорт жана жол маселеси толук чечиле элек. Ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери да жетишсиз. Көпчүлүк үйлөр кооптуу аймактарга курулган. Бул тууралуу Акыйкатчынын атайын докладында айтылат.
Акыйкатчынын жаңы конуштар көйгөйү тууралуу докладында айрым конуштарда жашаган адамдардын тек-жайын аныктаган документтери жоктугу, бул өзгөчө жаш балдарга тиешелүү маселе экени белгиленген. "Дордой" базарынын айланасындагы 11 жаңы конуштагы 16 жашка чейинки балдардын 92% туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, 16 жаштан жогорку курактагы жарандардын 38% паспорту жок.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев жаңы конуштардын көйгөйү, анда жашаган адамдардын укугу боюнча аталган институт 2014-жылдан бери жылдык баяндамаларында айтып, белгилеп келгени менен, мамлекет тарабынан бул маселелер чечилбей келе жатканын билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча, борбор калааны курчай жайгашкан 47 жаңы конушта 223 258 киши жашайт. Бул жалпы Бишкек шаарынын калкынын 27,9%.(ZKo)