Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Журналист Келдибек Назиров дүйнөдөн кайтты


Сүрөт Келдибек Назировдун фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды
Сүрөт Келдибек Назировдун фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды

Келдибек Назиров 17-июнь күнү, 52 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Кесиптештеринин айтуусунда, акыркы убакта ал кан басымы жогорулугунан жабыркап жүргөн.

Келдибек Назиров эмгек жолун мектепте кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча дарс окуудан баштап, кийинчерээк "Асаба", "Агым" басылмаларында журналист болуп иштеген.

Кийин "Жаңы Агым" гезитинде эмгектенип, ал жабылып калгандан кийин маалыматтык сайттар менен кызматташып, эркин журналист катары иштеп жүргөн.

Келдибек Назировдун сөөгү 18-июнда өзү жашаган Сокулук районундагы Гавриловка айылында жерге берилет.

XS
SM
MD
LG