Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Жер ортолук деңизинде үч миңге жакын качкын куткарылды


Качкындарга толгон кеме. Жер ортолук деңизи. Август, 2016-жыл
Качкындарга толгон кеме. Жер ортолук деңизи. Август, 2016-жыл

16-июнь күнү деңизде үч миң чамалуу качкын куткарылганын Италиянын жээк күзөтү маалымдады. 20 чакты куткаруу иштерине Евробиримдиктин Жер ортолук деңиздеги атайын миссиясы, Frontex деп аталган чек ара мекемеси, бейөкмөт уюмдар жана Италия менен Ливиянын жээк күзөт кызматтары катышкан.

Ливиянын жээгинен эле желим жана жыгач кайыктардан 900дөн ашуун качкындар түшүрүлгөн.

Жыл сайын Ливиядан Италияга 60 миңден ашуун качкын деңиз аркылуу сүзүп өтөт.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери Жер ортолук деңизин сүзүп өтүү учурунда 1800дөн ашуун киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG