Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Балдар абагында 47 бала кармалып турат


Алардын ичинен 23 бала кылмыш жоопкерчилигине сот тарабынан тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатса, 24 өспүрүм кылмышка шектелип, тергөө абагында кармалып турат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Азаттык" үналгысына билдирди. Акыйкатчы балдар абагын борбор калаага жакын жерге көчүрүп келүүнү сунуштоодо:

- Балдар колониясы союз убагында 300 балага эсептелип курулган экен. Имараты эски, сыз. Ошондуктан, балдар абагын жаңы, заманбап имаратка, шаарга жакыныраак жерге көчүрүп келүү зарыл. Абактагы мектепте мугалимдер, кыргыз тилиндеги китептер жетишпейт. Психолог жок, балдар психологго муктаж.

Акыйкатчынын маалыматы боюнча, аталган абак жайга түшкөн өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Өткөн жылы балдар колониясына 8-17 өспүрүм түшкөн болсо, быйылкы беш айда алардын саны 25тен ашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG