Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Португалияда токой өрттөнүп, 57 киши күйүп кетти


Португалиядагы өрт. 18-июнь, 2017-жыл
Португалиядагы өрт. 18-июнь, 2017-жыл

Дагы 60 чамалуу киши жабыркаганын өлкөнүн премьер-министри маалымдады. Бийликтер өрттөн набыт болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал экенин айтышууда.

17-июнда Португалияда аба ырайы өтө ысып, айрым аймактарда күндүн табы 40 градустан ашкан. Өрт өлкөнүн борбордук аймагын бат эле чулгаган. Өрттү өчүрүүгө 1,5 миңден ашуун кызматкер тартылган. Азырынча тилсиз жоонун кесепети тууралуу так маалыматтар жок.

Жергиликтүү басылмалар мынчалык чоң масштабдагы өрт акыркы 50 жылдан бери болбогонун жазышууда.

XS
SM
MD
LG