Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Иран менен Кытай аскердик машыгуу өткөрдү


Иран менен Кытай Перс булуңундагы стратегиялык Ормуз кысыгынын жанында деңиз флотунун машыгуусун өткөрүштү. 18-июндагы биргелешкен машыгуу Иран менен АКШ флотунун ортосунда чыңалуу өкүм сүргөн маалда орун алды.

Расмий Тегерандын жаңылыктар агенттиги (ИРНА) билдиргендей, машыгууга Ирандын бир, Кытайдын эки согуштук кемеси жана 700дөй ирандык аскер кызматкерлери катышты. Мындан тышкары Кытай тараптын логистикалык кемеси жана бир тик учагы машыгуу аймагында жүрүштү.

Иран менен Кытай соңку үч жылдан бери деңизде биргелешкен машыгуу өткөрө элек болчу. 17-июнда болсо АКШ Катар менен биргеликте Перс булуңунда өзүнчө машыгуу өткөргөн.

Соңку жылдары Иран менен АКШнын аскердик кемелеринин ортосунда бир катар карама-каршылыктар чыккан.

XS
SM
MD
LG