Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Мосул: Ирак күчтөрү жоочулардын акыркы чордонун бутага алууда


Мосулдун батыш тарабы.
Мосулдун батыш тарабы.

Ирактын аскердик күчтөрү өлкөдөгү экинчи ири шаар - Мосулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотуу үчүн калаанын эски бөлүгүндө операциясын баштады. Согушкерлерге каршы күрөшкөн эл аралык коалициядагы АКШнын өкүлү Бретт Макгурк өкмөттүк күчтөр 18-июнда согушкерлердин Мосулдагы акыркы чордону саналган - Эски шаарга киргени калганын Твиттер аркылуу кабарлады.

Ирактык колбашчы Абдул-Амир Рашид Яралла Мосулду бошотуу операциясы соңуна чыгып баратканын билдирди.

"Ислам мамлекети" тобу калааны 2014-жылы басып алган. Аны бошотуу операциялары өткөн жылы октябрда башталган. Бул аралыкта аймактагы 850 миңден ашуун тургун үй-жайын таштап, чыгып кеткен.

БУУнун качкындардын ишин тейлеген мекемеси жоочулар Мосулдун жүз миңден ашуун тургунун "тирүүлөй калкан" кылып кармап турганын билдирген. Ирактын жана АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча, учурда калаада миңге чукул согушкер калды.

XS
SM
MD
LG