Пакистандын Ооганстандагы консулдугунун эки кызматкери 16-июнда мекенине сапар алган боюнча дайыны чыкпай жатат. Расмий Исламабад жекшембиде билдиргендей, бул кызматкерлер Ооганстандын Жалалабад шаарындагы консулдукта иштеп келишкен.
Азырынча расмий кызматкерлер барымтага алынды деген жоромолдор тастыктала элек.
Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нафис Закария тиешелүү маалымат ооган бийлигине жөнөтүлгөнүн, Жалалабад-Торхам жолунда издөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ал дайыны чыкпай жаткан кызматкерлердин ысымдары менен кызматын ачык айткан жок.