Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Ооганстанда полиция имаратына кол салуу болду


Ооган аскери.
Ооган аскери.

Ооганстанда полиция имаратына болгон чабуулдан беш полициячы каза тапты, тогузу ар кандай жаракат алышты. Кол салуу 18-июнда өлкө чыгышындагы Пактия провинциясынын Гардез шаарындагы полиция бөлүмүнө жасалган.

Ооган полициясынын аймактагы жетекчиси, генерал Асадулла Шерзад жанкечтилер тобу кол салып, алардын экөө өзүн жардырганын билдирди.

- Эки талип биринен артынан бири жарылды. Бактыга жараша, биздин атайын күчтөр төрт согушкерди өлтүрдү. Дагы бири машинеден жок кылынды. Тилекке каршы, кол салуудан күзөттөгү биздин беш кызматкерибиз мерт кетти.

Жергиликтүү бийлик кол салууга “Талибан” кыймылы жооптуу деп жатат.

XS
SM
MD
LG