Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:37

БШК Текебаевдин документтерин кабыл алды


Ө.Текебаев жана аны менен кошо айыпталып жаткан мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотонов сотто. 5-июнь, 2017-жыл.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары тапшырган документтерин кабыл алды.

Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган партиянын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнүн аны президенттикке талапкер катары каттоо тууралуу арызын жана тиешелүү документтерин Боршайком 18-июнда кабыл алды:

- Талап кылынган алты документтин баарын тапшырдык. Эми мыйзамга ылайык, он күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо же четке кагуу боюнча бир чечим чыгарууга тийиш.

Таалайгүл Токтакунова кошумчалагандай, Өмүрбек Текебаев президенттик жарышка өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. Депутат быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага "Мегаком" ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагууда. Ө.Текебаевдин ишин Биринчи Май райондук соту териштирүүдө.

Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталган. Документ тапшырылгандан кийин 10 күн ичинде БШК көрсөтүлгөн талапкерди каттоо же андан баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтолгону, шайлоо күрөөсү боюнча документти, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин же өзүн көрсөткөнү тууралуу арызын БШКга тапшырышы керек. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну Назарбек Нышанов биринчилерден болуп өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка баруу максатында арыз жазып, тиешелүү документтерин БШКга тапшырган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG