Курултайда партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер Темир Сариев тууралуу тасма көрсөтүлдү. Андан кийин сөз алып сүйлөгөн партия лидери азыркы президент Алмазбек Атамбаев күзүндө өтө турган президенттик шайлоону таза, ачык өткөрүп берерине ишеничин билдирди.
"Ак шумкар" саясий партиясы өлкө башчылыгына талапкер кылып лидери Темир Сариевди көрсөтөрү партиянын жазындагы жыйынында маалым болгон.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну 15-июндан тарта баштады. Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланышы керек.(ZKo)