Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө отун берилүүдө


Кыйылган бактар.
Кыйылган бактар.

«Жашылдандыруу» ишканасы шаардагы кыйылган бак-дарактарды отунга муктаж үй-бүлөлөргө таратууга киришти. Отун жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана майып адамдарга алдын ала түзүлгөн тизме боюнча бекер берилүүдө. «Жашылдандыруу» ишканасынын отун таркатууга жооптуу кызматкери Алим Кенжебаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, жалпысынан 1050 куб отун таратылат:

- Ар бир райондон бизге тизме берилген. Ошого ылайыктап бир үй-бүлөгө 1,5 кубдан отун таратып жатабыз. Шаардагы төрт районго кезеги менен таратылат. Бүгүнтөн баштап Ленин районундагы муктаж үй-бүлөлөргө берилип жатат.

Өткөн жумада Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү көп жылдык бактар кыйылган. Бул жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан эле. Мэрия Алиаскар Токтоналиев көчөсүндө жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги бактар жолду кеңейтүү максатында кыйылып жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG