Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыйноо курмандыктарын колдоо күнүнө карата ачык эшиктер күнү өтүүдө


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 19-июндан 28-июнга чейин «Кыйноолорго каршы аракеттерди бириктирүү» деп аталган кампаниянын алкагында «Ачык эшиктер күнүн» өткөрүүдө. Маалыматка ылайык, иш-чара алты облуста өтөт. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч кызматкерлери, дарыгерлер, жарандык активисттер жана диний өкүлдөр чакырылган.

"Ачык эшиктер күнүнүн" максаты Улуттук борбордун миссиясын – кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу миссиясын чагылдыруу, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоонун шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2014-жылдан тарта иштей башталган.

Өткөн жылы Улуттук борбор тарабынан кыйноолор жөнүндө 132 учур катталып, прокуратура тарабынан 9 кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG