Акрам Мадумаров Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.
Акрам Мадумаров 1977-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. Кесиби боюнча ветеринар. Буга чейин Кадамжайдын акими болуп иштеген. (КЕ)