Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

"Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевден башка талапкер чыгарбайт


Өмүрбек Текебаев сотто.
Өмүрбек Текебаев сотто.

Бул тууралуу партиянын мүчөлөрү жана активисттери бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында журналисттерге маалымдашты. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алманбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев толугу менен президенттик шайлоого катышууга укуктуу деп билдирди:

- Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин, калыстык тууралуу түшүнүгү бар адамдардын баары, саясий негиз менен, президенттик шайлоого аны катыштырбоо максатында козголгонун билип турат. Ал эми адамды күнөөлүү деп сот гана айта алат. Сот айтмайынча, Текебаев айыптуу эмес. Ошондуктан, ал Баш мыйзам боюнча толугу менен президенттик шайлоого катышууга да, аны жеңип чыгууга да укугу бар.

Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышууну көздөөдө. 18-июнда анын ишенимдүү өкүлдөрү тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырышкан.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага "Мегаком" ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагууда.

Ө.Текебаевдин ишин Биринчи Май райондук соту териштирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG