Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:36

Душанбе-Астана поезд каттамы ачылды


Душенбеден Астанага келген жүргүнчүлөр.

Тажикстан менен Казакстандын баш калааларын бириктирген алгачкы темир жол каттамы ийгиликтүү ишке ашты. Душанбеден чыккан жүргүнчү поезд 18-июнда Астананын борбордук темир жол станциясына жетти. Бул тууралуу Казакстандын "Жүргүнчү ташуу кызматы" дүйшөмбүдө кабарлады.

Казак-тажик темир жол мекемелери жыл башында Душанбе-Астана каттамын ачууну макулдашкан. Жаңы поезд каттамы Өзбекстандын Каракалпак автономдук республикасы аркылуу өтөт. Жуманын бейшемби күндөрү поезд Душанбеден Астананага, дүйшөмбү күндөрү Астанадан Душанбеге каттап турат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG