Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:19

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов абактагы миңден ашык адамга ырайым кылды. Түркмөнстандын мамлекеттик медиасы кабарлагандай, мындай мунапыс Рамазан айындагы Кадыр түнгө карата берилди.

Өлкөдөгү бардык тармакты өз колунда кармаган президент Бердимухаммедов жылына бир нече жолу мамлекеттик майрамдардын алдында мунапыс жарыялайт.

Акыркы жолу февраль айында Түркмөнстандын Желек күнүнө карата түрмөдөгү 828 адамга ырайым кылган. Бирок азырынча саясий максатта камакка алынгандар мындай мунапыстарга кабыла элек.

XS
SM
MD
LG