Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30 , Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус ысык болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

20-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүзү 27…29 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG