Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминовдун сунушуна Бишкек мэриясы жооп кылып, мамлекеттин же инвесторлордун каражатына билим берүү мекемелерин куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин кароого даяр экенин билдирди.
Ошондой эле мэрия бүгүнкү күнү Бишкекте төрт мектептин курулушу жүрүп жатканын маалымдаган. Ага ылайык, Калыс-Ордо жаңы конушунда 660 орундуу, Ак-Ордо жаңы конушунда 960 орундуу, ал эми Мурас-Ордо жаңы конушунда 450 орунга эсептелген мектептердин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Жал кичирайонунда Кытай инвесторлорунун колдоосу менен 600 орундуу мектеп курулуп бүтүп калды.
Бишкекте жүз чамалуу жалпы билим берүүчү орто мектеп, ондон ашуун жеке менчик мектептер бар. (ZKo)