Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

ИИМдин Орусиядагы өкүлү алмашты


Раим Салимов.
Раим Салимов.

Милициянын полковниги Раим Салимов Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген.

“Салимовго эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында гана эмес, укук бузууларды алдын алуу боюнча дагы активдүү иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү” , - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ИИМдин Орусиядагы буга чейинки өкүлү Аскат Алиев КМШ өлкөлөрүндө уюшкан жана оор кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун жетекчи орун басарлыгына дайындалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG