Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Лондондогу өрттүн курмандыктарынын саны өстү


"Гренфел мунарасы" атка конгон көп кабаттуу имарат
"Гренфел мунарасы" атка конгон көп кабаттуу имарат

Британиянын баш калаасы Лондондо көп кабаттуу үйдө өткөн аптада чыккан өрттөн каза тапкандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны 79га жетти. Бул тууралуу Лондон полициясынын командири Стюарт Канди дүйшөмбүдө билдирди. Ал издөө иштери уланып жатканын, каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

14-июнда калаанын Кенсингтон аймагынын түндүгүндөгү 24 кабаттуу имарат кыска убакыттын ичинде өрттөнүп кеткен. "Гренфел мунарасы" атка конгон бул имаратты жаңылоодо Британиянын курулуш жоболоруна туура келбеген материалдар колдонулган болушу мүмкүндүгү 18-июнда кабарланды.

XS
SM
MD
LG