Украинанын президенти Петро Порошенко жумушчу сапары менен АКШга жөнөп кетти. Бул маалыматты анын басма сөз катчысы Святослав Цехолко 19-июнда Твиттер аркылуу ырастады.
Буга чейин маалымат каражаттары президент Порошенко АКШ президенти Дональд Трамп менен биринчи жолу бетме-бет жолугаарын кабарлашкан. Эки президент кайсы күнү жолугаары так айтыла элек. АКШ-Украина лидери февраль айында биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
Бул визит Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосундагы кармаш күчөгөн маалга туш келди. Бириккен Улуттар Уюмунун 13-июндагы маалыматы боюнча Украинадагы куралдуу жаңжалдардан соңку үч жылда 10 миңден ашуун адам каза тапты.