Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда таза суу жок


Бишкектин четиндеги Орок, Сары-Өзөн, Арча-Бешик жана Ак-Ордо жаңы конуштарда дээрлик үч жумадан бери таза суу жок болууда. Жергиликтүү тургундардын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, жылда ичүүсү суу таңсыктыгы болчу эмес.

-15 күндөй болуп калды, суу жок кыйналып жатабыз. Суусуз жашоо кыйын экен. Балдар, жаңы төрөгөн келиндер бар. "Сууканалга" барабыз, алар биз жапкан эмеспиз дейт. Айыл өкмөтүнө барсак алар дагы суу жетпей жатканын айтышат. Ар бир үй 500-600 сомдон туура келип жатат дейт.

“Бишкексууканал” ишканасынын жетекчи орун басары Мурадил Сейдалиев жаңы конуштун тургундары ичүүчү сууну сугат суу катары колдонушарын жана ошол себептүү суу баарына жетпей жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн Бишкек мэри Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында суу маселесине байланыштуу жыйын болду. Анда климатка байланыштуу 300 бургулоо түзүмүндөгү суунун деңгээли төмөндөп кеткени, Чүй облусунун Сокулук районунун тургундары Бишкектин суу түтүктөрүнө өз алдынча кошулуп жатканы дагы буга себеп экени айтылды. Ошондой эле шаарга саат сайын 26 миң куб ичүүчү суу келсе, үнөмсүз пайдалануудан улам ал жетишсиз болуп жатканы белгиленди.

Мэр Албек Ибраимов бул маселени чечүүнү вице-мэр Эркин Исаковго тапшырды. (КЕ/АВ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG