Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 21:44

Окуя бүгүн Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жергиликтүү май куюучу станциянын жанында газ баллондор жарылып, күйүп жатат.

Өрт өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, өчүрүү иштери уланууда. Аталган мекеме канча газ баллон жарылганы жана канча киши жабыркаганы тууралуу маалымат бере элек.

Ананьево айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эмил Шамбетов алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилди, экөө денесинен катуу күйүк алды деп "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын маалымдашынча кырсыктын себеби азырынча белгисиз. (NT/AsM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG