Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Парижде полиция унаасы бутага алынды


Елисей талаасы
Елисей талаасы

Париждин Елисей талаасында дүйшөмбүдө түш оой белгисиз автоунаа полициянын фургонун сүздү. Анын айдоочусу атайылап полицияны бутага алганын, анын жанында курал-жарак болгонун, ал алган жараатынан мерт кеткен болушу мүмкүндүгүн өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Жөн-жай тургундардан эч ким жабыркаган жок. Бирок Елисей талаасы убактылуу жабылды. Париждин прокуратурасы бул окуя боюнча атайын иликтөө жүргүзө баштады.

Франциянын улуттук жандармерия кызматы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Эки ай мурда туристтер жана жергиликтүү тургундар көп топтолгон бул көчөдөгү кол салуудан бир полиция кызматкери мерт болгон.

XS
SM
MD
LG