Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Ананьеводогу жарылуудан эки адам мерт болду


Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.

Саламаттык сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июнда май куюучу станциянын жанында газ баллон жарылуусунан бир газ ташуучу унаа, эки портер күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Алар кечки саат алты жарымдар менен өрттүн жайылышын токтотушту.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG