Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:59

Ысык-Көлдөгү жарылуудан жабыркаган беш кишинин абалы оор


Ананьево айылындагы жарылуу. 19-июнь, 2017-жыл.

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы эки адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылуудан жараат алгандар жергиликтүү ооруканадан Чолпон-Атадагы аймактык бейтапканага которулду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жараат алган сегиз адам ооруканага жеткирилген. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.

Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Абалдары оор.

Хирургия бөлүмүндөгү экөөнүн денелеринин 45 пайызы күйгөн. Аларга жардам берүү үчүн Бишкектен дарыгерлер тобу чыгып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач бул газ куюучу жай “Газпром” компаниясына тиешелүү деген маалымат таратып, кийинчерээк менчик станцияда жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун себептери кабарлана элек. (NT)

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Асеин Маданбековдун окуя болгон жерден телефон аркылуу берген маалыматы:

XS
SM
MD
LG