Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Португалиянын президенти Марсел Ребел ди Созага ондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен өрткө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда президент жалпы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан өрт кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын, ал эми жабыркагандардын эртерээк айыгып кетүүсүн кааларын билдирген.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
18-19-июнь күндөрү Португалиянын бир катар аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашып, баш-аягы 60 токойдо өрт чыккан.
Өлкөнүн ички иштер министри Хорхе Гоместин айтымында, Леириа аймагында 43 адам унааларынан чыга албай калып, күйүп кетишкен.
Жалпысынан өрттөн кеминде 62 адам набыт болгон.(ZKo)