Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Иманалиев: Ананьеводогу газ куюучу станция май айынын соңунда жабылган


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Мамлекеттик экотехинспекциясы 31-майда Ананьеводогу газ куюучу станцияны жабуу тууралуу токтом чыгарган. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Бүгүн эртең менен штаб өткөрдүк, экотехинспекция май айында текшерүү жүргүзүп, 31-майда акт түзүлүп, пломба басылган экен. Эмне себептер менен ал дагы эле ишин улантып келгени учурда текшерилип атат.

19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Сегиз киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда жети адам ооруканада. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Жабырлануучулардын баары денелеринен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. (КЕ/AsM)

XS
SM
MD
LG