Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:20

Евробиримдик Молдовага эскертүү берди


Шайлоо системасын өзгөртүүгө каршы демонстрация. Кишинев, 11-июнь, 2017-жыл.

Эскертүү Молдованын шайлоо системасын өзгөртүү пландарына байланыштуу жасалууда. Евробиримдик да таасири узакка сезилүүчү өзгөртүүлөр боюнча Молдованын өзүндө улуттук консенсус жок деп санайт.

Шайлоо системасына сунушталган өзгөртүүлөр өткөн аптада Венеция комиссиясы, ЕККУ уюму тарабынан да сынга алынган.

Алар Молдова өкмөтүнүн планында саясий партияларды жана шайлоо өнөктүгүнүн каржылануусун тескөө каралбаганына, аялдар менен улуттук азчылыктардын парламенттеги өкүлчүлүгү боюнча проблемалар бардыгына көңүл бурушкан.

Молдова азыр парламентти пропорционалдык система менен шайлайт. Бирок бийликтеги Демократиялык партия өлкө алдыда аралаш системага өтүүсүн сунуш кылууда.

Ага ылайык парламент депутаттары партиялык тизме, ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча да шайлануусу керек.

Демилгечилер өзгөртүү эл менен парламенттин байланышын чыңдайт десе, сынчылар ал бийликтеги партиянын пайдасы үчүн жасалып жатканын белгилешүүдө.

Молдова парламентинин төрагасы Андриан Кандунун билдиргенине караганда, Европа институттарынын өзгөртүүлөрүнө карабай өкмөт шайлоо системасын өзгөртүү планын алдыга жыдыра бермекчи. (UE)

XS
SM
MD
LG