Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кылмыш иши техникалык коопсуздук сакталбаганына байланыштуу козголду. Ишти иликтөө үчүн прокуратура, милиция жана Экотехинспекциянын кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлдү.
Газ куюучу жердеги жарылуу боюнча кылмыш иши козголгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастады.
Аким ошондой эле газ куюучу жайдын ээси аныкталып жатканын да кошумчалады.
Данир Иманалиев мурдараак "Азаттыкка" маек куруп, жарылуу болгон бекет май айында эле Экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жабылганын, резервуар пломба менен бекитилгенин маалымдаган.
Ананьево айылындагы газ куюлуучу жердеги жарылуудан эки киши набыт болуп, сегиз адам жарадар болгон. Жарадар болгондор аймактык ооруканага жеткирилген. Арасында бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.(AsM/ZKo)